• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда 58 айыл жана 3 шаарда таза суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы 58 айыл жана 3 шаарда калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу алты айыда аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча жыйында белгилүү болду.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, жыйынга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, район акимдери, шаар мэрлери жана айыл аймак башчылары катышты.

Жыйында 6 ай аралыгында Жалал-Абадда бюджеттин киреше бөлүгү 105,7%га ашыгы менен аткарылганы белгилүү болду.

Жарым жылдыктын жыйынтыгында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлору боюнча бүгүнкү күндө 58 айылда жана 3 шаарда жумуш жүрүп жатканы маалымдалды. Аларга республикалык бюджеттен жана эл аралык донорлор тарабынан каражат бөлүнгөн. Жыйында айыл чарба жаатындагы ирригация, мал чарбачылыгы, кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо ишинин жүрүшү тууралуу маалымат айтылды.

Пикир

Оставить комментарий