• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусунун башчысы мектеби күйүп кеткен Эңилчек айылына барды

Аймак 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев жумушчу сапар менен Ак-Суу районунун Эңилчек айылына барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал 3-мартта өрттөн жабыркаган мектепке барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Анда облус башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана облустук түзүмдөргө билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратпоо жана күйүп кеткен имаратты калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.

Атап айтканда, камсыздандыруу компаниясына компенсация бөлүү процессин тездетүү, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгына өрт өчүрүүчү машина менен Эңилчек аймагын камсыз кылуу, ошондой эле ички иштер башкармалыгына, жол тейлөө ишканасына калктын коопсуздугун сактоо талаптары коюлду.

Белгилей кетсек, 23 окуучу Эңилчек айыл өкмөтүндө убактылуу окуусун уланат, тиешелүү эмеректер менен Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмү тарабынан толук камсыздалды.

Эңилчек айылы Ак-Суу районунун Сырт аймагында орун алып, Каракол шаарынан 150 км алыстыкта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий