• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Баткендин Кулунду айылында мамлекеттик банктын сактык кассасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Баткен облусун колдоо жана калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында "РСК Банк" Кулунду айылында сактык кассасын ачты.

Банктан билдиришкендей, бөлүмдүн салтанаттуу ачылышы бүгүн болду.

Иш-чарага "РСК Банк" ААК Башкармалыгынын төрагасы К.Букуев Жогорку Кеңештин депутаты М.Темирбаева, Лейлек районунун акими А.Рахманкулов жана башкалар катышты.

Бөлүмдө банктык кызматтардын бардык спектрин (төлөм карталарын, депозиттерди ачуу, кредиттерди берүү, мамлекеттик бюджетке төлөмдөр, ички жана эл аралык которуулар жана башкалар) ала аласыздар.

Иш убактысы:

  • кардарларды тейлөө дүйшөмбүдөн жумага чейин: 09.00 - 15.30;
  • түшкү тыныгуу: 12.00 - 13.00;
  • ишемби, жекшемби - дем алыш күндөрү.

Дареги: Баткен району, Кулунду айылы, К.Ниязматов көчөсү, 23.

Пикир

Оставить комментарий