• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас облсунун 43 тургуну иштөө үчүн Кореяга жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 18.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-декабрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев иштөө үчүн Кореяга кетип жаткан Талас облусунун 43 тургунун кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар Кореяда айыл чарба багытындагы сезондук иштерге тартылып, тажрыйба алмашышмакчы.

Базарбаев белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында министрлик тарабынан чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандары үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө.

"Алсак, эмгек министрлигине караштуу Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун ортосунда Талас облустук администрациясы жана Кореянын Кочанг районунун Чолла-Пукту провинциясы менен макулдашууга кол коюлган, ал боюнча айтылган облустун тургундарынын биринчи тобу Түштүк Кореяга жөнөтүлөт.

Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин колдоосу менен түзүлгөн келишимде эмгек шарттарын түзүү каралган, бул татыктуу эмгек акы, социалдык кепилдиктер, силер өзүнөрдү жогорку деңгээлди көрсөтүп, барган өлкөнүн мыйзамдарын бузбооңуз маанилүү", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий