• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлек районунда "Ак-Сарай" чек ара заставасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда 28-майда "Ак-Сарай" чек ара заставасы ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

КР УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Ташиев чек арачыларды майрамы менен куттуктап, аскер кызматкерлери үчүн мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу багытында жасалып жаткан негизги жумуштар тууралуу учкай айтып өттү.

Чек араны коргоодо коюлган талаптарды кынтыксыз аткаруу зарылдыгын, аны үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү жагы мамлекет тарабынан мындан ары да улантыларын баса белгиледи.

Жаңыдан курулган заставада чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо шарты үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган.

УКМКдан кошумчалашкандай, аталган заставанын курулушу 2011-жылы башталып, бирок ушул убакытка чейин бүтпөй келген. Өткөн жылы курулуш иштери жанданып, кыска аралыкта чек арачыларга пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий