• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын президенти ЕАЭБ күнүнө карата куттуктоо жолдоду

Президент 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык бирлигинин күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери 29-майды жыл сайын белгиленүүчү Евразия экономикалык бирлигинин күнү деп аныкташкан.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Бүгүн, 29-майда Евразия экономикалык бирлигинин күнү алгачкы ирет белгиленүүдө.

Евразия экономикалык бирлиги эл аралык укук субъектүүлүгүнө ээ болгон регионалдык экономикалык интеграциянын эл аралык уюму болуп саналат, анын алкагында тараптар товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн кыймылынын эркиндигин, экономика тармагында координацияланган, макулдашылган же бирдиктүү саясатты жүргүзүүнү камсыз кылышат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын Евразиялык интеграцияга кошулуу тарыхына көз чаптырсак, 1996-жылы биз Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын Бажы бирлигине кошулганбыз. Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык шериктештигинин (ЕврАзЭШ) катышуучусу болгон жана өнөктөштөр менен биргеликте жаңыланган жана кыйла өнүккөн Бажы бирлигине карай жолун уланткан.

2015-жылы Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигине кошулган.

Кыргыз Республикасы Бирликке кирүү менен Евразия экономикалык бирлигинин жалпы максаттарына кошулуп, экономиканын бардык секторлорунда биргелешкен өнүгүү жана интеграцияны тереңдетүү жагына чечкиндүү кадам жасады. Биз ошондой эле мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүдө Бирлик боюнча өнөктөштөрдүн жалпы ниеттери менен макулдаштык.

Бүгүнкү күндө Бирлик - бул тышкы факторлордун таасиринин татаал шарттарында жашоо жөндөмдүүлүгүн ишенимдүү далилдеген, ишке ашырылган долбоор.

Бул күнү биз Бирликтин маанилүүлүгүн жана анын экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө, жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатууда жана региондордо туруктуу өнүгүүнү түзүүдөгү маанилүү ролун белгилейбиз. Евразия экономикалык бирлиги жалпы максаттардын жакындашына жана биздин өз ара аракеттешүүбүздү бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү күчтүү механизм болуп калды, бул бизге кызматташтыктын жаңы бийиктиктерине жетүүгө мүмкүндүк берет.

Мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттеринин жана ишениминин аркасында биздин бирлик улам барган сайын чыңдалып, өнүгүп жатканына сыймыктанабыз. Акыркы жылдары биз соодада, экономикада, инновациялык жана транспорттук инфратүзүмдө бирдиктүү эрежелерди жана стандарттарды түзүү боюнча олуттуу натыйжаларга жетиштик, бул дүйнөлүк аренада биздин атаандаштык дараметибизди жогорулатууга шарт түзөт.

Соңунда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарын, Евразия экономикалык комиссиянын, Бирликтин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрүн Евразия экономикалык комиссиянын күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер.

Бардыгыңыздарга бакыт-таалай, тынчтык, бакубат жашоо жана экономикалык интеграцияны бекемдөө, туруктуу өнүгүү жана жарандарыбыздын бейпилдигин камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерде албан ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий