• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ишкана ачкан жана жумушчу орундарын түзгөн ишкерлер өлкөдө эл сыйлаган кадырлуу адамдар болушу керек - президент

Президент 0

Бишкекк, 02.11.18. /Кабар/. «Биздин өлкөдө аймактарда ишканаларды ачкан, жумушчу орундарын түзгөн жана мамлекеттин казынасына киреше алып келген таза ишкерлер эл тарабынан урматталган, эң кадырлуу адамдар болушу керек», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда Ош облусуна эки күндүк иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы «Алайку Органикс» ЖЧКсынын сүттү кайра иштетүү жаңы заводуна барган учурда.

Мамлекет башчысы табигый заттардан жогорку сапаттагы сүт азыктарын иштетип чыгарган заводдун иши менен таанышты.

Ишкананын жетекчиси Аскар Маметжанов Президентке айтып бергендей, «Алайку Органикс» ЖЧКсы 2014-жылы негизделип, сүт азыктарынан улуттук салттуу ичимдиктерди чыгарып жүргөн. Жогорку технологиялык жабдыктар менен жабдуу сүттөн улуттук ичимдиктерди – чалапбышма, курут жана жарма жасоого мүмкүнчүлүк түздү.

2018-жылдын ноябрь айында «Алайку Органикс» ЖЧКсы USAIDАгро долбоору менен биргеликте стандарттуу сүт азыктарын (йогурт, каймак, май, сыр) чыгаруу үчүн жабдыктар менен жабдылган сүт заводун ачты.

Аскар Маметжановдун айтымында, өнөктөштүктүн максаты – мал чарбачылыгы менен алектенген Ош облусундагы Кара-Суу районунун он айылынын фермерлеринин жашоо деңгээлин жакшыртуу.

Президент Сооронбай Жээнбеков сүт заводунун ачылганына канааттануусун билдирип, ишкананын жетекчилигинин сүт азыктарын сатуунун жана экспортко чыгаруунун көлөмдөрүн көбөйтүү, жумушчу орундарын түзүү, фермерлердин кирешелерине кам көрүү сыяктуу максаттары Аймактарды өнүктүрүү жылындагы жергиликтүү коомчулукту колдоонун эң жакшы көрсөткүчү экенин белгиледи.

«Биз аймактарды көтөргөн, фермерлерге кам көргөн жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө кыйла салым кошкон ишкерлерге жардам беришибиз керек жана жардам беребиз», - деп жыйынтыктады Мамлекет башчысы.

Маалымдама: Сүттү кайра иштетүүчү заводдун кубаттуулугу жылына 1500 тонна сүттү иштетет. Компанияга 1500гө чейин жаңы фермер чарбалары сүт тапшырышат. Өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 5 тоннадан ашуун сүт чыгарат. Завод сүт азыктарын өндүрүү үчүн комплекттик жабдыктар менен жабдылган. Өндүрүшкө жумшалган инвестициялар – 70 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий