• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Азия Молл” соода борборунда бомба изделүүдө

Коом 0


Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Бишкектеги “Азия Молл” соода жана оюн-зоок борборунда бомба изделүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ленин райондук милициясынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, милицияга соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Учурда жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Борборго келген кардарлар, коноктор жана кызматкерлер эвакуацияланып, имарат курчоого алынды”, - деп билдиришти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий