• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинин мекемесин түзүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда жайгашкан “Сүрөтүү-Таш” аска-таш сүрөттөрү жайгашкан аймакта болду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Анда “Сүрөтүү-Таш” аска-таш сүрөттөрүнүн аймагында Мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинин мекемесин түзүү жана аска-таш сүрөттөрүнүн аймагында мыйзамсыз курулуш, чарбалык иштерге тыюу салуу жана “Сүрөтүү-Таш” аска-таш сүрөттөрүнүн аймагын курчоого алуу боюнча комплекстүү иш аракеттерди жасоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Мындан сырткары, анын айланасындагы жер участокторун тарыхый-маданий объект жана мамлекеттик мүлк катары пайдалануу үчүн эстеликтердин жер участокторун пайдалануу укугу мөөнөтсүз Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин мекемелеринин балансына бөлүп өткөрүп берүү сунушу талкууланды.

Мындай мүмкүнчүлүк аталган аймакта туристтер келе турган жаңы обьектинин пайда болушуна шарт түзүп, туризм багытын өнүктүрүүгө арналып, ачык асман алдындагы музей кылып уюштурууга шарт түзүлөт.

Аталган археологиялык эстелик аска беттерине биздин заманга чейинки III жана II кылымдарына таандык аттардын, бугулардын, тоо эчкилердин жана илбирстин сүрөттөрү тартылган маданий мурас болуп саналат.

Бул эстеликте тарыхый жазма булактарда, илимий адабияттарда "даван аргымактары", "асман аттары" деген аталышта белгилүү болгон жылкылардын сүрөттөрү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий