• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу Жапалак айылдык аймагындагы жерлерди тактоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 08.07.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин катышуусунда Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жерлерди аныктап чыгуу боюнча жумушчу комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Башкармалыктын карамагына айыл чарба, жайыт жерлери, жолдор жана ирригациялык тутумдар кирет.

Жыйында, каттоо иштерин менчигинин түрүнө карабастан жер категориялары боюнча бөлүштүрүү максатында иштелип чыккан жобонун негизинде жүргүзүү сунушталып, тиешелүү кызматтарга жерлерди тизмеге алуу иштерин улантуу жана тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, июнь айынын башынан тарта «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Оштогу филиалы жана «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасы биргеликте, «Геоскан 101» учкучсуз учуучу аппаратынын жардамы менен аймактагы жерлерди тактап ирээтке келтирүү жана жер багытын аныктоо максатында аэро-сүрөткө тартуу иштерин жүргүзүшкөн.

Жалпысынан Жапалак айылдык аймагында 12,5 миң гектар жер аянты каттоого алынат.

Пикир

Оставить комментарий