• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас районунда 4 айыл жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат

Аймак 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Талас районунун Бекмолдоев айыл өкмөтүндө санариптештирүү долбоорунун алкагында 4 айыл жогорку ылдамдыктагы интернет жана кабелдик телеберүүгө туташтырылат.

"Кыргызтелеком" ААКтан билдиришишкендей, долбоор 1 миң 140 үйдү камтып, жашоочуларды заманбап технологиялар менен камсыз кылып, маалымат жана көңүл ачууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда бир айыл ийгиликтүү кошулду, калган айылдарды 2024-жылдын март айынын аягына чейин туташтыруу пландалууда.

Долбоордун салтанаттуу ачылышы "Кыргызтелеком" ААКтын Талас филиалынын директору Самат Долдоев, Бекмолдоев айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары жана район активинин катышуусунда өттү.

Белгиленгендей, долбоордун негизги максаты аймактагы инфраструктураны жана санариптик экономиканы өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын ар бир жашоочусун жогорку сапаттагы байланыш кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий