• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарында көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда

Аймак 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Нарын шаарында арзан баада көмүр сатылууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көмүрдүн 1 тоннасынын баасы 5 миң сомду, ал эми жеткирип берүү кызматын кошкондо 5 миң 500 сомду түзөт.

Нарын шаарынын батыш тарабындагы Ак-Оргон аймагындагы кампада 300 тонна Турук көмүрү бар. Элди жеткиликтүү баада отун менен камсыз кылуу максатында көмүр ишкерлер тарабынан ташылып келүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, Нарын шаарында көмүрдүн кору жетиштүү. Шаар боюнча ондон ашуун көмүр базасы уюштурулган.

“Көмүр сатып алууну каалаган жарандар 0704 344747 номерине кайрылса болот”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий