• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда кийинки жылы беш жаңы КТБны ишке киргизүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министрликтин 2024-жылга карата пландары менен бөлүштү.

Анын айтымында, келерки жылы санариптик инфрструктураны жакшыртуу жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

"Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү, санариптик документтердин санын көбөйтүү, тактап айтканда анын катарына пенсиялык күбөлүктү кошуу жана мамлекеттик кызматтардын басымдуу бөлүгүн санариптик форматка өткөрүү, өлкө боюнча калкты тейлөө борборлорунун функцияларын кеңейтүү боюнча 5 жаңы КТБ ачуу пландалууда", - деген министр КТБлардын функцияларын айыл өкмөттөргө берүү каралып жатканын айтты.

Министр белгилегендей, анда "Инфокомдун" операторлору иштешет жана бардык маалыматтык коопсуздукту эске алуу менен КТБлардын айрым кызматтарын коммерциялык уюмдар тарабынан аутсорсингге которуу боюнча долбоорду ишке киргизүү каралууда.

"Муну менен документтерди кабыл алуу пункттарын кеңейтүүгө мүмкүн болот. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн КТБларга жасалма интеллекти киргизүүнү пландаштырып жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий