• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалганын билдирди

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Бишкекте ИИМ "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ак-Босого жаңы конушунда 1987-жылы туулган М.А. аттуу жаран башкарып бараткан Mazda 6 үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Текшерүү маалында "Элдик көзөмөл" бирикмесинин күбөлүгү табылган.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган жарандын жашаган жеринде ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө "Афур" аттуу кызматтык-иликтөө иши менен биргеликте от жаккан мештин бурчунан жалпы салмагы 272 грамм "гашиш" табылган.

Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Кылмышка шектүү жаран КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда КР ИИМдин БМЖККК кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий