• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ат-Башы районунда "Кыргыз даамы" этнофестивалы өттү

Маданият 0

Бишкек, 08.07.23. /Кабар/. Кыргыз элинин улуттук ашканасын сактоо, өнүктүрүү жана аны даңазалоо максатындаАт-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда “Кыргыз даамы” этнофестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министринин орун басары Марат Тагаев, президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, облустук жана райондук администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана сырттан барган коноктор катышты.

Министрдин орун басары Марат Тагаев өтүп жаткан этнофестивалдын маанисине токтолуп, кыргыз элинин көөнөрбөс улуттук баалулуктарын сактоодо жана жайылтууда фестивалдын мааниси зор экенин баса белгиледи.

Ал эми президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов улуттук баалуулуктарды эл аралык деңгээлге чыгарып, аны жайылтуу керектигин билдирди.

Фестивалдын көшөгөсү Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин 40 окуучусу аткарган “Машботой” күүсү менен ачылып, улуттук баалуулуктардын көргөзмөсү жана сынагы менен коштолду.

Ошондой эле, театралдаштырылган оюн-зоок жана улуу кыргыз көчү көрсөтүлдү.

Иш-чарада ондогон боз-үйлөр тигилип, алты бакан, селкинчек жана башка бир катар кыргыз элинин улуттук оюндары ойнотулду.

Фестивалдын жүрүшүндө көз жоосун алган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери да орун алды. Анда Ат-Башылык уз чеберлердин кол эмгегинен даярдалган шырдак, жер төшөк жана түрдүү буюм-тайымдар коюлду. Мындан сырткары, өрмөк согуу боюнча мастер класстар көрсөтүлдү.

"Кымыз" сынагынын жеңүүчүлөрү.

Кыргыздын улуттук суусундугу “Кымыз” сынагында 4 номинация орун алды.

“Мыкты кымыз”- Ача-Кайыңдыды айылынан Зуура Мааткабылова 5000сом.

“Нак кымыз”- Ак-Моюн айылы Чолпонай Сагындыкова 5000сом.

“Саамал кымыз”- Ат-Башы айыл өкмөтү, Айым Касымбекова 5000сом.

Ал эми “Бал кымыз” номинациясы боюнча

“Май кымыз”- Баш-Кайыңды.

“Тоо кымыз”- Ат-Башы айыл өкмөтү.

“Ак бал”- Ат- Башы айыл өкмөтү акчалай жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

Ошондой эле фестивалда улуттук тамак-аштын 200дөн ашык түрү көргөзмөдөн орун алды. Суусундуктардан сырткары унутта калган “Калменте”, “Жан азык, ж.б. ата-бабалардын жол азыгы болуп келген токочтор жана эт азыктары меймандарды таң калдырды.

Улуттук тамак-аш көргөзмөсүндө 1-орунду Ат-Башы айыл өкмөтү 15миң сом, 2-орун Ак-Моюн айылы 12миң сом ал эми 3-орунду Казыбек айылы 8миң сом менен сыйланды. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыкка Ат-Башы айылындагы үч бала бакчага жана Башкайынды айылына 2500сомдон 5миң сом берилди.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында сүрөтчүлөр көргөзмө өтүп, ага 7 жаштан 25 жашка чейинки 11 улан-кыз катышып, кыргыздын улуттук баалуулуктарын кагаз бетине түшүрдү. Ал эми кыргыз эл сүрөтчүсү Асан Турусбековдун эмгектери көргөзмөдөн орун алып, жаш сүрөтчүлөргө дем берди. Соңунда алардын чыгармачылыгы бааланып, ар бирине акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Фестивалдын жүрүшү улуттук оюндар менен коштолту. Анда кыргыз күрөш, кол күрөш жана аркан тартыш боюнча балбандар күч сынашып, алдыңкылар акчалай сыйлыкка ээ болушту. Ал эми командалык эсепте 1-орунду Баш-Кайыңды айылынын азаматтары камсыздашты.

Пикир

Оставить комментарий