• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо аз камсыз болгон 600 үй-бүлөгө кышкы кийимдер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Караколдо аз камсыз болгон 600 үй-бүлөгө кышкы кийимдер тапшырылды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кайрымдуулук иш-чарасы Кувейт өлкөсүнүн «Заед бин Султан» кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен биринчи айым Айгүл Жапарованын жана «Эне-Балага Тирек» фондунун активдүү колдоосунун аркасында ишке ашты.

Катарлык «Зайед бин Султан» кайрымдуулук фонду дүйнөнүн 12 өлкөсүндө иштеп, муктаж болгон адамдарга колдоо көрсөтүп келет.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана активи ак ниет, боорукер инсандарга терең ыраазычылык билдирет жана чың ден-соолук, бейкутчулук, бакубат турмуш каалайт.

Пикир

Оставить комментарий