• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионаты башталды – сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралде Бишкекте чоңдор арасында бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Өлкө тарыхында алтынчы ирет өтүп жаткан бильярд боюнча таймашка 18 өлкөдөн 145 (128 эркек жана 17 кыз-келин) спортчу катышууда.

Салтанаттуу ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана спорт күйөрмандары катышты.

Таймашуулар Бишкектеги "Газпром-балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүп жатат. Жарым финалдык жана финалдык беттешүүлөр 1-2-март күндөрү болот.

Белгилей кетсек, бул мелдештерге ата мекендик 24 спортчу катышып жатат, анын ичинде бильярд боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жана дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Дастан Лепшаков дагы бар.

Пикир

Оставить комментарий