• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарында бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты.

“Кыргызстандын президентинин жана министрлер кабинетинин атынан бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бильярд боюнча атамекендик чемпиондорубуздун сиңирген эмгегинин аркасында биз кыргыз жеринде ушундай деңгээлдеги турнирди өткөрүү сыймыгына ээ болдук. Мелдешке дүйнөнүн алдыңкы спортчулары катышууда. Кыргызстанга кош келиңиздер", - деди Эдил Байсалов.

Ал республиканын жылдын төрт мезгили ичинде спорттун бардык түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүүгө даярдыгын белгиледи.

Мелдешке дүйнөнүн 20дай өлкөсүнөн 200гө жакын спортчу катышууда. Дүйнө чемпионаты ушул жылдын 2-мартына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий