• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Суунун тартыштыгына байланыштуу күз-кыш мезгилинде Бишкек ЖЭБне басым жасалат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Суунун тартыштыгына байланыштуу күз-кыш мезгилинде Бишкек жылуулук электр борборуна басым жасалат. Бул тууралуу күз-кыш мезгилине даярдык боюнча штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал белгилегендей, бул жылы Бишкек ЖЭБине 1 млн 400 тонна көмүр сатып алуу зарыл.

“Биз 400 тоннаны Казакстандан алабыз, калганы ата мекендик көмүр болот”, - деген Боронов, быйыл ЖЭБ үчүн көмүр 1040 тоннага көп сатылып алынарын айтты.

Боронов, ал суунун тартыштыгына байланыштуу экенин белгиледи.

Ал, Бишкек ЖЭБине басым жасоо керек экенин айтып өттү.

Аны менен катар биринчи вице-премьер, күз-кыш мезгилине даярдыкты эрте баштоо керектиги тууралуу тапшырма былтыр эле айтылганына карабастан иш кеч башталгандыгы үчүн бир катар жетекчилерди сынга алды.

Пикир

Оставить комментарий