• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр саламаттыкты сактоо министрине бюджетти кантип түзүү керектигин түшүндүрүп берди

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.18. / Кабар/. Кыргызстандын медициналык тармагына жыл сайын 17 миллиард сом бөлүнөт. Бирок премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, республикалык бюджеттин каражаттары эффективдүү эмес сарпталып жатат.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн өкмөттүн отурумунда келерки жылга ведомствонун чыгашалары боюнча отчёт берди. Бирок анын отчёту министрлер кабинетинин башчысы тарабынан үзгүлтүккө учурады.

Премьер-министр ага бюджеттик отчёт эффективдүүрөөк болушу керектигин айтты.

“Биз биринчи медициналык-санитардык жардамды уюштурууга чоң көңүл бурушубуз керек жана калктын оор илдеттерге кабылышынын алдын алуубуз зарыл. Андыктан алгач айылдардагы фельдшердик-акушердик пункттардын, поликлиникалардын жана аймактык ооруканалардын ишин жакшыртуу керек”, - деди Абылгазиев.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги өзүнүн каражаттарынын көп бөлүгүн республикалыкжана облустук маанидеги медициналык мекемелерге жумшап жатканын, биринчи медициналык жардам системасына жетиштүү көңүл бурбай жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий