• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Новиков чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө боюнча жумушчу топтун отурумун өткөрдү

Өкмөт 0


Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков бүгүн, 30-апрелде, Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө саламаттык сактоо тутумунун, калкты эвакуациялоо, жабыркагандарды медициналык көмөк жана медикаменттер менен камсыздоо ишин координациялоо маселеси талкууланды.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өткөргөн ыкчам кеңешмеде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган.

Учурда биринчи вице-премьер-министр Баткен облусунда жүрөт жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоодо.

Пикир

Оставить комментарий