• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЕБдин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү абалды тынч агымга алып келүүдө кыргыз тараптын салымын өзгөчө белгиледи

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Казакбаев тараптардын ок атууну токтотуу тууралуу келишимге жетишишкенин жана абалды сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга ниеттенип атышканы тууралуу билдирди. 2021-жылы 29-апрелдеги окуялар жана Кыргызстандын чек аралаш аймактарындагы учурдагы абал тууралуу маалымат берип, Бишкектин эл аралык жана эки тараптуу милдеттенмелерди жана келишимдерди карманарын баса белгиледи.

Атайын өкүл Буриан тараптар ортосундагы ок таууну токтотуу жана Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согдий облусунун чек аралаш аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлганын кубаттады. Ошол эле учурда ал кырдаалды тынчтык агымына салууда кыргыз тараптын салымын өзгөчө белгиледи.

Буриан Европа биримдигинин аймактык жана эки тараптуу программалардын алкагында кыргыз тарапка техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий