• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунда 200 орундуу тигүү цехи ачылды

Коом 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрда Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу “Миңбай-Ата” жаңы конушунда 200 орундуу жаңы тигүү цехинин ачылышы болду.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев катышты.

Облус башчысы мамлекет мыйзамдын алкагында ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнөн тигүү цехин сынактык негизде куруу үчүн жеке ишкер Закир Токтогуловго 4 миң чарчы метр муниципалдык жер мөөнөттүү пайдалануу үчүн бөлүнгөн. Долбоордун жалпы баасы 30 миллион сомду түздү.

Ишкердин айтымында, учурда Россия жана Казакстан базарларына тигүү продукциясын жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий