• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвада КР жарандарына аралаш тутум боюнча шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-сентябрында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Кыргызстандыктардын Россиядагы диаспораларынын жана коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

КР БШК мүчөсү, Чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Анар Дубанбаева жолугушуунун катышуучуларына Жогорку Кеңештин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандар КРнын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында добуш беришет.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдө жашаган КР жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу географиясын кеңейтүү максатында Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча чет өлкөлөрдөгү (28 өлкөдө) шайлоо участокторунун саны 57ге көбөйтүлдү.

Алдыдагы парламенттик шайлоодо Россиядагы 20 участок ачылат, анын ичинде:

  • Москвада – 5 шайлоо участогу;
  • Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень шаарларында бирден участок;
  • 5 шайлоо участогу Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында алгач ирет ачылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий