• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Биринчилерден болуп Түштүк Сахалиндеги шайлоо тилкеси ачылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Биринчилерден болуп Түштүк Сахалиндеги шайлоо тилкеси ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде «КР Конституциясы жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду даярдоо жана өткөрүү (жалпы элдик добуш берүү) боюнча Тышкы иштер министрлиги тарабынан активдүү иштер жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймактарында референдумду өткөрүү боюнча КР Тышкы иштер министрлигинде Штаб түзүлгөн.

Дипломатиялык миссия тарабынан алдыда боло турган референдум жөнүндө чет өлкөлөрдөгү КРнын жарандарына масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Министрликтин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары референдумдун 48 участогу бекитилген. Чет өлкөдө референдумга катышуучулардын акыркы тизмесине 58 598 шайлоочу киргизилген.

Ошентип, министрликтин жана КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин максатка багытталган жана макулдашылган ишине ылайык КРнын чет өлкөдөгү шайлоочуларынын референдумга катышуучуларынын тизмеси 9 117 жаранына көбөйгөн, тактап айтканда үстүбүздөгү жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоого салыштырмалуу өсүү динамикасы 15,55%ды түздү.

Дүйнөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Кыргызстандын бардык дипломатиялык мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо боюнча чаралар көрүлгөн.

Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери коопсуздуктун жогорулатылган чаралары байкалган жерлерде КРнын жарандары добуш берүү жайларга чектөөсүз келүү маселесин, ошол жарандар турган, өлкөнүн бийликтери менен макулдашышкан.

Биринчилерден болуп Бишкек убактысы боюнча 3.00дө Россия Федерациясындагы Түштүк Сахалин шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин Канцеляриясынын аймагында түзүлгөн шайлоо участогу ачылды.

Азыркы учурда добуш берүү чет өлкөлөрдө түзүлгөн 21 шайлоо участогунда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий