• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында шайлоо жана референдумга добуш берүү жигердүү жүрүп жатат - Кадыров

Аймак 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бары өз убагында ачылды, шайлоочулардын добуш берүүсү жигердүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Расулбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, Ош шаары боюнча 78 шайлоо участкасы ачылды. №5278 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын топтолуусу абдан көп. “Шайлоо комиссиянын мүчөлөрү алардын аралыкты жана сантардык нормаларды сактоосуна көзөмөл жүргүзүп жатышат. Анча-мынча техникалык мүчүлүштүктөрдү эске албаганда Ош шаарында шайлоо жана референдумга добуш берүү жигердүү жүрүп жатат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий