• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттик шайлоо алдындагы жарыш аяктады. Кыргызстанда «жымжырттык күнү»

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-январь күнү саат 08:00дө Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум алдындагы үгүт иштери токтоп, «жымжырттык күнү» башталды. Ушул сааттан тарта (шайлоого 24 саат калганда) шайлоо жарышына түшкөн талапкерлердин кандайдыр бир үгүт иштерине тыюу салынат.

Ошондой эле БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет сайттар, гезит-журналдар үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат.

«Жымжырттык күнүн» шайлоо процессинин катышуучулары бузган учурда, БШК мыйзам бузуучуга чара көрүүгө укуктуу.

БШКнын маалыматы боюнча, президенттик шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат.

2021-жылдын 10-январында президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүгө) өтөт.

Жалпы талапкерлердин саны 17и, алар:

  1. Жапаров Садыр Нургожоевич;
  2. Исаев Канатбек Кедейканович;
  3. Арстанбек Мыктыбек;
  4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
  5. Ташов Имамидин Асамидинович;
  6. Тагаев Рашид Бакирович;
  7. Сегизбаев Абдил Кеңешевич;
  8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
  9. Касенов Аймен Абдыталипович;
  10. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
  11. Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович;
  12. Абакиров Эльдар Курманбекович;
  13. Асанов Курсан Сатарович;
  14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
  15. Жеенбеков Равшан Бабырбекович;
  16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
  17. Тольбаев Бабыржан Латиханович;
  18. Иманалиев Каныбек Капашович.

Референдумда өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча маселе көтөрүлөт:

- президенттик башкаруу;
- парламенттик башкаруу;
- бардык варианттарга каршы.

Пикир

Оставить комментарий