• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Казань шаарында (Россия Федерациясы, Татарстан Республикасы) өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды.

«Сиздерге маалым болгондой, кечээ Кыргыз Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылышуу болуп өттү. Биз Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода менен түзүлгөн кырдаалды талкуулап, аны саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен жөнгө салууга даяр экендигибизди билдирдик. Кыргыз тарап ок атууну токтотуу жана мындан ары конструктивдүү сүйлөшүүнү улантуу, чек арадагы кырдаалды тез арада токтотууга багытталган белгиленген чараларды ишке ашыруу тууралуу жетишилген макулдашууларды оңдуу кабыл алууда. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин билдиргендей, бүгүнкү күндө биз өз алдынча көзкарандысыз мамлекеттерди түзүп тургандыгыбызга карабастан, биздин жалпы тарыхыбыз, салтыбыз бар жана биз келечекте өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү жана элибиздин бакубаттуулугу үчүн жакшы коңшулук, достук мамилелелерибизди сактап, аны кеңейтүүбүз керек», - деп белгиледи өкмөт башчы Улукбек Марипов.

Пикир

Оставить комментарий