• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коомдук-саясий кырдаалды козутуп жибербеш үчүн биригип, бир өлкөгө айланышыбыз керек — коомдук ишмер

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Коомдук-саясий кырдаалды козутуп жибербеш үчүн президенттин тегерегине баарыбыз биригип, бир өлкөгө айланышыбыз керек. Бул тууралуу коомдук ишмер, юстиция министринин генерал-майору Кубатбек Кожоналиев билдирди.

Анын айтымында, биздин күч түзүмдөр тарабынан окту ким биринчилерден болуп атканы документтештирилген.

“Тажик тараптан биринчи ок жана миномет атылганы тастыкталган. Биздин УКМК өзүнүн билдирүүсүн тараткан. Ал боюнча тажик тарап суу бөлүштүрүүчү жайга видеокөзөмөл орнотуп, аны алдырабыз деп алган эмес. Провокацияны пайдаланып, жаңжалды баштаганга алып келди. Россиялык серепчилер дагы тажик тарап баштаганын айтып жатат”, - дейт ал.

Коомдук ишмер чек арадагы кырдаалга бир гана Россия эмес, коңшу мамлекеттин баары тең көз салып, талдап турганын айтат.

“Кыска мөөнөттүн ичинде президент бир нече жыйындарды өткөрдү. Ар бир жогорку кызматтагы адамдар өзүнүн тапшырмасын алды. Садыр Жапаров кайрылуусунда кыргыз-тажик бир тууган эл экенин жана чек арадагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечип келингенин айтты. Чек ара маселеси айыл өкмөтү, облустук жана мамлекеттик деңгээлде дипломатиялык жол менен чечилиши керек. Мага жеткен маалыматтар боюнча, тажик тарап ошондой сунуштарды киргизип жатат. Коомдук-саясий кырдаалды козутуп жибербеш үчүн президенттин тегерегине баарыбыз биригип, бир өлкөгө айланышыбыз керек”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий