• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги: 2024-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1,2 миң тоннадан ашык ун таратылат

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 215 тонна ун жана 112,9 тонна өсүмдүк майы таратылат.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бул долбоор БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен министрлик тарабынан ишке ашырылууда. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө инфраструктура, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн витаминдер менен байытылган ун жана өсүмдүк майы берилет.

2023-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча айыл өкмөттөрүндө мындай 444 долбоор ишке ашырылган. Аларга 10 миң 839 аз камсыз болгон үй-бүлө же 56 миң 919 адам катышып, аларга 3 миң 37 тоннадан ашык азык-түлүк берилди: ун жана өсүмдүк майы.

Пикир

Оставить комментарий