• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Премьер-министр мамлекеттик органдарга Нарын облусундагы эки орто мектептин сапаттуу курулушун көзөмөлгө алууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда, жумуш сапары менен Нарын облусуна барып, Кочкор жана Жумгал райондорундагы эки орто мектептин курулушун текшерди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысы мектептин курулушунда электр энергиясын үнөмдөө сыяктуу жаңы технологияларды колдонуу керектигин баса белгиледи. Аны менен бирге, мектептин имараты бүгүнкү күндүн нормаларына толук жооп берип, анда балдардын ыңгайлуу билим алышы үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүшү керек экенин кошумчалады.

Кочкор районунун Чекилдек айылындагы К.Темиров атындагы орто мектепке барганда КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев, мектептин жалпы аянты 1326,5 метр квадратты түзүп, 150 окуучуга ылайыкталганын билдирди. Азыркы тапта курулуш иштери толук аяктап, бөлмөлөрдү бүтүрүү иштери уланууда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков курулуш иштерин мурда көрсөтүлгөн мөөнөт боюнча 2017-жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү тапшырды.

Жумгал районунун Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектептин курулушу менен таанышуу маалында Самат Бөрүбаев, аталган мектеп 275 балага ылайыкталганын, курулуш иштери 2015-жылы башталып, 2017-жылы бүткөрүү пландалып жатканын билдирди. Ал КР Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы аталган мектепти куруудагы кээ бир катачылыктар тууралуу көрсөтмө бергенин кошумчалады.

Азыркы тапта ошол катачылыктары жоюу иштери жүрүп жатат. Учурда айрым жасалгалоо жана мектеп айланасын тосуу иштери калды. Каржылоо жагынан эч кандай маселе жок.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайберидиеванын маалыматында мектептин курулуш иши 2017-2018-окуу жылдарга толук аяктайт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, өлкөдөгү бардык мектептер бирдей типтүү долбоор боюнча курулушу керек. Өкмөт башчы курулуш имараттарын көрүп чыгып, мамлекеттик органдарга орто мектептин сапаттуу курулушун көзөмөлгө алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий