• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Кыргызстандын агроөнөр жай комплекси ишке ашырылбаган зор потенциалга ээ

Өкмөт 0

Бишкек, 08.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ак-Суу районунун Тепке айылындагы дыйкан чарба ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Өкмөт башчыга маалымдагандай, ишкана облустун асыл тукум мал чарбачылыгындагы жана үрөн чарбачылыгындагы алдыңкы чарба болуп саналат.

«Комплекс эки миң гектардан ашуун жерде чарбачылык кылат, анын 410 гектары айдоо жери. 60 адам иш орду менен камсыздалган. Ишкана жогорку продуктивдүү ири мүйүздүү мал, кой жана асыл тукум жылкыларды багуу менен алектенет. Жалпысынан бир жарым миңден ашуун баш мал бар. Негизги багыт болгон мал чарбачылыгынан тышкары агрокомплекс дан өсүмдүктөрүн жана жогорку сорттогу алмаларды өстүрөт», - деди Нурбек Мурашев.

Ошондой эле ал билдиргендей, 2012-жылдан баштап ишкана туристтерге фермада жашоо жана чарбачылык жүргүзүүгө катышуу шарттарын түзүү аркылуу өлкөдө агротуризмди өнүктүрүүнү илгерлетип келет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев агрокомплекстин инфраструктурасын карап чыгып, агроөнөр жай комплексиндеги өндүрүштү өстүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Ысык-Көл облусу - жер иштетүү жана мал чарбачылыгы абдан жакшы өнүккөн аймак. Кластердик өнүктүрүү жана белгилүү бир айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча адистешүү аймактарды өнүктүрүүгө реалдуу түрткү бериши керек», - деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Комплекске баруу учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев дыйкандар менен жолугушуп, алар айыл чарба техникаларын лизингге берүү, үрөн менен камсыздоо жана жеңилдетилген насыялоо аркылуу каржылык колдоо маселелерин көтөрүштү.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт айыл чарба кооперативдеринин ишин колдоо максатында ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.

«МТС, логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери киреше салыгынан бошотулат. Мындан тышкары айыл чарба жана кайра иштетүү продукцияларын экспорттоодо алар кошумча нарк салыгынан бошотулушат. Ошону менен бирге күрөө менен камсыздоо маселесин чечүү максатында жаңы финансылык каражат - кампа күбөлүгү киргизилүүдө. Бул механизм аркылуу дыйкандар өз түшүмдөрүн күрөөгө коюу мүмкүндүгүнө ээ болушат», - деп ырастады Өкмөт башчы.

Дыйкандар ошондой эле жаңы технологиялар боюнча мал союу цехтерин курууну сунушташты, мында лабораториялар, карантиндик борбор жана мал семиртүү цехтери болот.

«Адистештирилген мал союу цехтеринин ачылышы атамекендик этти чет жактарга экспорттоого шарт түзөт. Мындай эл аралык стандарттарга ылайык ишканаларды куруу - өлкө фермерлери үчүн жергиликтүү продукцияларды ЕАЭБ рыногуна келечектүү чыгаруу шарттарынын бири», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Премьер-министр ошондой эле Жеңиш айылындагы «Жанаалы» дыйкан чарбасына барды.

Үч жарым гектар аянтта сегиз миңдей алма, жети миң өрүк көчөттөрү жана төрт миңден ашуун карагат бадалдары отургузулган. Чарбанын жылдык кирешеси бир жарым миллион сомду түзөт.

Өкмөт башчы айдоо жерин көрүп чыгып, дыйкандар менен сүйлөштү. Сугат суусу менен камсыздоо, жерлерди трансформациялоо, ошондой эле атамекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн сатуу рыногун кеңейтүү маселелери көтөрүлдү.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүнүн артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

«Атамекендик дыйкандарга көп миллиондуу ЕАЭБ рыногуна ташууларды көбөйтүү мүмкүндүгү ачылды. Кыргызстандын агроөнөр жай комплекси ишке ашырылбаган зор потенциалга ээ. Биз экологиялык таза продукциялардын артыкчылыктарын толук кандуу пайдаланышыбыз керек, ал аймактын тышкы рынокторунда чыныгы атаандаштыкты түзө алат», - жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий