• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен жолукту

Өкмөт 0

БИШКЕК, 14.08.17 /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 14-августта, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешиин кезектеги жыйынын алдынан, Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларын кабыл алды. Жолугушуу Астана шаарында өттү. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык биримдиги үч жылдан бери иштеп жатканын баса белгиледи. Бул аралыкта дүйнөлүк экономикады жөнөкөй эмес кырдаал түзүлүп, бул ЕврАзЭС мүчө мамлектетердин экономикасына да таасирин тийгизди.

«ЕврАзЭС өнүгүүсүндөгү негизги фактор бирдиктүү экономикалык структура менен жалпы рынокту түзүү. Товар алмашуу көлөмүнүн жогорулашы интеграциялык биримдикке кирген өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө таасирин тийгизет. Азыр биздин алдыбызда, өлкөлөр аралык кызматташууну бекемдөө милдети турат. Бул иште негизги роль ЕврАзЭС мүчө мамлекеттердин Өкмөтүнө туш келет. Бүгүнкү Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны ийгиликтүү өтүп, уюмдун мындан аркы өнүгүшүнө таасирдүү салымын кошоруна ишенем», – деди Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Пикир

Оставить комментарий