• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов: Президент баштаган аткаруу бийлиги бейөкмөт сектор менен кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Жергиликтүү жана глобалдык коомчулук лидерлери: Кыргыз Республикасынын бийлигинин, инклюзивдик бизнестин жана жарандык коомунун өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү реформаларды илгерилетүү боюнча өнөктөштүгү» жалпы улуттук диалогунун кеңешмесине катышты.

Өз сөзүндө ал бийликтин жана жарандык коомдун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн принциптерине, тактап айтканда, бийликтин бейөкмөт сектору менен өз ара аракетенүү формаларына токтолду.

Эдил Байсалов белгилегендей, министрлер кабинети жарандын укугун жана эркиндигин толугу менен камсыздайт.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров башында турган бардык аткаруу бийлиги бейөкмөт сектору менен кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө даяр.

Ошол эле учурда анын натыйжалуулугун жана ийгилигин камсыздай ала туган бир нече маанилүү шарттар жана принциптер бар.

Биринчиси. Бейөкмөт уюмдар ак ниет жана узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуусу жана тирешүүдөн четтеши керек.

Экинчиси. Бейөкмөт уюмдар чечимдерди кабыл алуу процессине институционалдык катышуу формасынын каналын, тактап айтканда, ченемдик-укуктук актылардын жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоого жана коомдук талкуулоодо активдүү пайдаланышы керек. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, учурда мындай катышуу орун алган жок.

Мындан тышкары ал жарандардын кайрылуусу жөнүндө мыйзамга ылайык кат түрүндө кайрылуу тууралуу айтты. Эдил Байсалов белгилегендей, коомдук уюмдардын социалдык тармактарындагы посттору жана прессадагы билдирүүлөрү жарандарга кайрылуунун тийиштүү формасы болуп саналбайт.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары билдиргендей, мамлекет бейөкмөт уюмдарды колдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен ресурс бөлүп берет. Тактап айтанда, келерки парламент тарабынан карала турган алгачкы мыйзам долбоорунун бири катары мамлекеттик заказ тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү болот, бул ар кыл коомдук уюмдарды толук кандуу колдоого мүмкүндүк берет.

«Мындан ары коноктор башкаларды бөлүп-жарууга алып барган абалга жол берилбейт. Жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын тышкы каржылоосу мамлекеттик органдар үчүн ачык жана отчеттуу болууга тийиш. Эгемендүү мамлекет катары биз улуттук мыйзамдарыбыздын толук сакталышын талап кылабыз жана бардык эл аралык өнөктөштөрүбүздөн ички карама-каршылыктарды курчутууга жана коомду конфронтацияга алып барууга, кандайдыр бир социалдык көйгөйлөрдү аң-сезимдүү же эрксиз түрдө стимулдаштырууга эч кандай жол берилбешин талап кылабыз. Көзкарандылык синдромуна чекит коюуга убакыт келип жетти», - деди Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий