• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баатырбеков Бишкек шаарындагы Ыкчам медициналык тез жардам борборунда жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Акыркы учурда 103 жана 118 кызматына жарандар нааразы болуп жаткандыгына байланыштуу премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Бишкек шаарындагы Ыкчам медициналык тез жардам борборунда тез жардам кызматынын жана мобилдик топтордун ишин күчөтүү боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр жеринен Ыкчам медициналык тез жардам көрсөтүү борборунун иши менен таанышты.

«Коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу учурда 103 жана 118 кызматына жарандардан кайрылуулар, ошол эле учурда нааразычылыктар дагы көп болуп жаткандыктан ыкчам түрдө тез жардам кызматындагы бригадалардын санын көбөйтүү зарыл. Ошондой эле мобилдик топтордун иштөө алгоритмин карап чыгуу керек. Медициналык бригадаларды кадрлар менен камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги уюштурууга тийиш», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Көчмө жыйындын соңунда Алмазбек Баатырбеков Саламаттык сактоо министрлигине Бишкек шаарынын тез жардам кызматына дагы 20дан ашык бригада кошуу тапшырмасын берип, мамлекеттик органдарга кошумча атайын унаалар болсо тез жардам кызматына берүүнү милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий