• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөттүн аппаратында 26 кызматкер коронавирус жуктуруп алган

COVID - 19 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын 26 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн аппаратынын кызматкерлеринен COVID-19 вирусунун бар-жогун текшерүү үчүн анализ алынган. Анализдин жыйынтыгы боюнча 26 кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Эки күн мурда 11 адамдын инфекцияны жуктургандыгы аныкталган, кайрадан алынган анализдин жыйынтыгы боюнча дагы 15 кызматкер илдетке кабылгандыгы белгилүү болду. Алардын арасында премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков жана премьер-министрдин жардамчысы бар. Өкмөттүн аппарат жетекчиси Таалайбек Темиралиев байланышта болгон адам катары учурда обочолонууда.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык алар үй карантининде жана тиешелүү дарылануудан өтүшүүдө. Алардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүп жатат. Ошондой эле алар менен байланышта болгон адамдар аныкталган.

Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү аралыктан иштөөнү улантышууда.

Пикир

Оставить комментарий