• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Сапаттуу билим берүү – биздин балдарыбызга салынып жаткан башкы инвестиция

Өкмөт 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Сапаттуу билим берүү – биздин балдарыбызга салынып жаткан башкы инвестиция. Ошондуктан билим берүү тутумунун сапатын жогорулатуу боюнча комплекстүү жана тутумдуу иштерди камсыздоо зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы 2019-2020-окуу жылына карата жалпы билим берүү уюмдарынын даярдыгынын жүрүшү талкууланган өкмөттүн жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө мектепке чейинки даярдоо программалары менен камтууну 40% га чейин жогорулатуу; 5-7-класстарда англис тилинин сааттарынын санын көбөйтүү; 2018-2019-окуу жылында республика боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн баллдарынын орточо эсеби (62,2 %) 2017-2018-окуу жылына караганда 4,8 % га жогорулашы боюнча маселелердин оңдуу динамикасы белгиленди.

Ошону менен бирге Билим берүү жана илим министрлигинин бир нече багыт боюнча ишинин жетишсиздиги көрсөтүлдү. Анын ичинде мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүн мамлекеттик социалдык буйрутма жана «Китепканалардын базасында баланы өнүктүрүү борбору» долбоорлорун ишке ашыруу; максатсыз пайдаланылган бала бакчаларды кайра кайтарып алууда министрликтин кызыкчылыгынын жоктугу; окуу-методикалык комплексттерин иштеп чыгуу боюнча алдын ала пландоо жоктугу мектеп китептерин басып чыгуу үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар натыйжасыз пайдаланууга алып келгендиги айтылды.

Премьер-министр Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча тутумдуу жана комплекстүү иштерди жүргүзүүсү, китептерди жана башка басылмаларды сапаттуу чыгаруусу зарылдыгын белгиледи.

Өкмөттүн жыйынынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине:

- Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окуу материалдарынын жаңы мазмунун жана окутуунун усулдарын мезгил-мезгили менен киргизүүнү камсыздоо;

- балдарды ар тараптан өнүктүрүү жана ийгиликтүү социалдаштырууну камсыздаган жатак тибиндеги балдар мекемелеринде мектепке чейинки жана мектепте билим берүүнүн окуу стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү;

- мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык буйрутма программасы менен балдарды камтуу боюнча чаралар көрүү жана аны аймактарда жайылтуу боюнча иштерди баштоо;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте 2020-жылдан тартып «Китепканалардын базасында баланы өнүктүрүү борбору» моделиндеги аймактык китепканаларды кеңейтүү;

- китеп чыгаруу чөйрөсүндө реформаларды жүргүзүү жана окуу-усулдук комплекстердин сапаттуу иштелмесин, басып чыгаруусун камсыздоо;

- Кыргыз билим берүү академиясын реформалоо боюнча 2019-жылдын 1-декабрына чейин сунуш киргизүү;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонд менен биргеликте максаты менен эмес пайдаланылып жаткан мурдагы 62 мектепке чейинки билим берүү уюмдарына талдоо жүргүзүү жана кайтарып алууга мүмкүн болгон объектилердин саны боюнча сунуштарды киргизүү;

- жыл сайын дүлөй жана угуусу начар балдардын мектептери үчүн окуу куралдарын жана азиз, көзү начар көргөн балдардын мектептери үчүн, ошондой эле жалпы республика боюнча башка атайын мектептер үчүн, Брайл шрифти жана чоңойтулган шрифт менен терилген китептерди чыгарууга финансылык каражаттарды кароо;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте: ысык тамак берүү үчүн шарты жок мектептерди тамакты уюштуруунун ар түрдүү формалары (көчмө тейлөө, буфеттик продукция ж.б.) менен камсыздоо тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине аймактык китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткарууну камсыздоо тапшырмасы берилди.

Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын курулушунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорду киргизүүнү тездетүү милдеттендирилди.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2020-жылга карата билим берүү тармагын каржылоону камсыз кылуу, Ош, Жалал-Абад шаарлары, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын кичи шаарчаларында «Жалпы билим берүү мекемелеринде электрондук каттоо» долбоорун толук жана өз убагында каржылоону камсыздоо тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине мектеп курагындагы балдар арасындагы укук бузуулардын жана өзүнө-өзү кол салуулардын алдын алууга багытталган Иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү, билим берүү уюмдарында жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштерди жандандыруу тапшырмасы берилди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда мектепке чейинки билим берүү мекемелерин куруу же жайгаштыруу каралган укуктук ченемдик базаны иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий