• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Уруксат кагазын алуу үчүн патенти жок таксисттерден арыздар келип түшүүдө – Алымкулов

Коом 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Бишкек комендатурасы уруксат кагаздарын берүүдө жарандар өздөрү мерген маалыматтарга таянат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, билдирүү 2-3 мүнөттүн ичинде каралат.

“Уруксат кагаздарын берүү же баш тартуу чечими, арыз ээлеринин электрондук порталга киргизген документтерине ылайык кабыл алынат”, - деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле вице-мэр кошумчалагандай, көптөгөн таксинин айдоочулары тиешелүү документтери жок эле арыздарды берүүдө. “Көптөгөн арыздар таксисттерден келип түшүүдө, бирок биз патент түрүндөгү толук документалдык материалдарды көргөн жокпуз”, - дели ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган. Коменданттык саат белгиленген. Аны менен бирге өкмөт тарабынан экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий