• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, 2020-жылдын 16-апрель күнү өлкө боюнча 31 978 чарчы метр имараттын ичи, 104 652 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 136 630 чарчы метр аймак дезинфекцияланып, иш-чарага 100дөн ашуун куткаруучу тартылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана даарыканаларда жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө (меню алмаштырылып турат).

“112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7520 чалуу катталып, анын ичинен 615 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, нөөмөттөгү диспетчерлер суроолорго жооп беришүүдө, гуманитардык жардамды (ун) региондорго жеткирүү иштери жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий