• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Чүй облусунун аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Коом 0


Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. 4-апрелде ыкчам маалыматты ишке ашыруунун жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Мамлекеттик чек аранын Чүй чек ара отрядынын аскер кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун аймагындагы курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жашыруун жайдан мергенчилик мылтыгы, травматикалык тапанча, үн чыгаруучу граната, автомат жана тапанча үчүн 7,62 калибрдеги ок-дары, 16 калибирлүү мергенчилик гильзалары, ок жана казакстандык Beeline операторунун 2 сим-картасы табылып алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак жана ок-дарылар кылмыштуу элементтер тарабынан кылмыш жасоо үчүн даярдалгандыгы аныкталды.

Учурда курал-жарактын келип чыгышы жана жашыруун жайларды уюштурган адамдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий