• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орозалиев: Бизнестин кайсы түрлөрүнө иштөөгө уруксат берүүнү республикалык штаб чечиш керек

Коом 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Бизнестин кайсы түрлөрүнө иштөөгө уруксат берүүнү республикалык штаб чечиш керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалымат жыйында ага, буга чейин айрым ишканалардын иши жанданышы мүмкүн экендигин айтылган, бизнестин кайсы түрлөрүнө иштөөгө уруксат берүү каралууда деген суроо узатылды.

"Бул маселе республикалык штабдын деңгээлинде чечилиши керек. Бизге кандай тапшырмаларды берсе аларды аткарабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий