• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Балдарды эрте өнүктүрүү жана билим берүү” аталыштагы республикалык форум өттү

Коом 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Балдарды эрте өнүктүрүү жана билим берүү” аталыштагы республикалык форум болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Форумдун ишине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жана билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева, ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген 300гө жакын китепканачы катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин балдарды эрте өнүктүрүү системасынын улуттук реформасынын негизинде министрлер кабинети жети облуста балдарды өнүктүрүү боюнча 150 борборду ачкан, алар иштеп жаткан китепканалардын негизинде иш алып барат. Бүгүнкү күнү атайын түзүлгөн борборлорго 1 жаштан 6 жашка чейинки беш миңге жакын бала барып тарбияланат.

Иш-чаранын жүрүшүндө азыркы учурда Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын аталган борборлорго баруусу, борборлорду ачуунун зарылдыгы жана кошумча борборлорду ачуу пландалып жатканы белгилүү болду.

Кыргызстанда жалпы 1 миң 68 китепкана бар, аларда үч миңден ашык китепканачы эмгектенет.

Атап айтсак, мектепке чейинки борборлор Кыргызстанда 2018-жылдан бери иштеп келет. Билим берүү министрлиги буга чейин 300 китепканачыга үч күндүк окуу курсун өткөргөн. Маданият министрлиги ал китепканачыларга эмгек акы бюджетин берүү менен борборлордун туруктуулугун камсыз кылган.

ЮНИСЕФтин билдирүүсү таянсак, балдардын мектепке чейинки борборлорго барып тарбияланышы эң маанилүү. Анткени, баланын мээси 6 жашка чейин 80 пайызга өнүгөт. Андыктан, балдардын билим алуусуна жана өнүгүүсүнө инвестиция салуу абдан зарыл.

Республикалык форум Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана ЮНИСЕФ менен биргеликте Кыргызстандагы балдарды өнүктүрүү борборлорунун ачылышынын 5 жылдыгына карата уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий