• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар үчүн 67,5 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар үчүн 67 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү автоунаа жүрүүчү жол жээктерде “Автоунаалар жүрүүчү жолдор” тууралуу мыйзамга туура келбеген көрнөк-жарнак, баннер, белги, плакаттар жана башка башаламан жарнактар үчүн атайын “Рекламный щит” аталышында реддик иш-чара жүргүзүп, төмөнкү бузууларды аныктады:

- өз алдынча туура эмес жарнак-баннерлерди орнотуп алган 20 факты аныкталды;
- кемчиликтери менен орноткон 7 жаранга кайрадан калыбына келтирүү үчүн эскертүүлөр берилди;
- туура эмес орнотулган 13 көрнөк-жарнактарга тийиштүү протокол толтурулуп, 67 миң 500 сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий