• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

16-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 12-июлдан 16-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жана Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жана Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

14-июлда Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

15-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

12-16-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

13-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

14-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

15-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунда тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

16-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-июлда күндүз жана 14-15-июлдарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

12-13 июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт.14-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 15-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 16-июлда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-июлда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 12-июлда күндүз жана 13-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-июлда күндүз жана 14-15-июлдарда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий