• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясына жарым жылда 2,5 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Бишкек мэриясына 2023-жылдын биринчи жарымында жарандардан жазуу жүзүндө 2 миң 507 кайрылуу келип түшкөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24%га аз. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 2385 контролдук кайрылуу каралды, алардын 122си аткарылууда.

Кароонун жыйынтыгы менен 76 маселе толук канаттандырылды, 5 маселе жарым-жартылай канааттандырылды, 1895 маселе такталды, 409 маселе тиешелүү бөлүмдөрдүн кароосуна жөнөтүлдү.

"Жарандардан түшкөн суроолордун көбү турак жай жана жер тилкелерин берүү, турак жай-коммуналдык чарба, материалдык жардам көрсөтүү, жер талаштары, жолдорду куруу жана оңдоо, транспорт тармагы, кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу маселелери болду", - деп белгилешти мэриядан

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарандардын арыз жана сунуштары менен иштерди жакшыртуу максатында мэр, мэрдин биринчи орун басары, мэрдин орун басарлары, мэриянын аппаратынын жетекчиси тарабынан бекитилген график боюнча жана иш тартибинде жарандарды жеке кабыл алуу жүргүзүлүүдө. Жыл башынан бери жалпысынан 723 жаран кабыл алынды.

Мындан тышкары, жарандар коомдук кабылдама же ишеним телефону аркылуу консультация ала алат. Жыл башынан тарта коомдук кабылдама аркылуу 867 адам оозеки консультация алса, ишеним телефону аркылуу 628 шаар тургунуна консультация берилди.

Пикир

Оставить комментарий