• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамкурулуш 7 айдын ичинде 885 долборлоо-нарктоо иш кагаздарына экспертиза жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7 айында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) мамлекеттик экспертиза департаментине 2021 -жылдын 7 ай ичинде долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарынын 1 миң 280 даанасы түштү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын 885 даанасына техникалык-долбоорлоо экспертизасы жүргүзүлүп, 172 документтери каралууда. Ал эми 223 долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын кайра толуктап иштеш үчүн кайтарылып берилген.

Белгилей кетсек, баардык курулуш имараттар жана курулуш объектилери бекемдүүлүккө, көтөрумдүү жөндөмдүүлүгүнө, туруктуулугуна, жер титирөөдө чыдамдуулу-гуна, узакка пайдаланууга, селге жана көчкү коопсуздугунан сактануу боюнча, жана ошондой эле техникалык эсептөө негизин камсыздоодо интенсивдүүлүгү 8, 9 жана андан көп баллга таасир берүүдө басым кылуу күчүнүн өзгөчө айкалышын камсыздоо боюнча экспертиза жургүзүүгө туш болушат.

Ошондой эле майыптардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо чөйрөсүнүн талаптары (пандустар жана чакыруу кнопкалары) ар дайым долбоорлоо учурунда ченем нормаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий