• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумабеков e-Estonia көргөзмө залында IT- технологиялар чөйрөсүндөгү инновациялык жетишкендиктер менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 13.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков башында турган парламенттик делегация Эстон Республикасынадагы расмий иш сапарынын алкагында e-Estonia IT- технологиялар көргөзмө залына барды.

Эстония өкмөтү 2000-жылдан бери иш кагаздарын интернет аркылуу жүргүзүп, министрлер кабинетинин жыйындары кагазсыз иштөөгө өткөн. Европа комиссиясы өткөргөн сынактын жыйынтыгына ылайык Эстония мамлекеттик сектордогу иш кагаздарын электрондоштуруу боюнча Европада эң мыкты өлкө катары таанылган. Андан тышкары эстониялыктар салык декларациясын да электрондук жол менен тапшырат. Интернеттеги бирдиктүү портал аркылуу жарандар ар кандай мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдалана алат.

Ошондой эле эстониялыктар ID-карттын жардамы менен жөнөкөй жана электрондук ыкма аркылуу да өздүгүн тактай алат. Ага кошумча ID-картаны санариптик кол коюуда, шайлоого катышууда жана коомдук транспортто жүрүү үчүн жүргүнчү билеттерин сатып алууда да колдоно алат. Ал эми 2005-жылдын октябрь айында өткөн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын шайлоодо, Эстония эли дүйнөдө алгачкылардан болуп үйдөн чыкпай туруп Интернет аркылуу добуш берүүгө катышкан.

Эстония, өкмөттү электрондоштурууда эң мыкты делген практикалык тажрыйбага ээ. Эстониянын электрондук башкаруу Академиясынын колдоосу менен Кыргызстанда электрондук башкарууну киргизүү боюнча "Түндүк" долбоору ишке ашууда. . Аталган долбоорду ишке ашырууда маалымат алмашуунун укуктук негиздери жана IT архитектураны камтыган стратегиялар, керектүү документтер иштелип чыкты.

Эстониянын электрондук башкаруу Академиясы Кыргызстандан башка да Тунисте, Палестинада жана Намибияда аталган системаны киргизе алган. Азыркы учурда Украина жана Арменияда долбоорду ишке ашыруу боюнча даярдык иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий