• 88.68
  • 95
  • 0.95

Көмүр 4000 сом, кымбат болгону казакстандыкы — Ибраев

Экономика 0

Бишкек, 13.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын аймагында жергиликтүү көмүрдүн баасы 4 миң сомдун тегерегинде сатылышы керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

“Бизде комиссия түзүлүп, өткөн жекшемби күнү көмүр саткан жайларга “Кыргызкөмүр”, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана укук коргоо органдары барышты. Көмүрдүн бир тоннасына 4 миң сом баа коюшту. Ким кымбат сатса, көмүр берилбейт. Көмүрдүн баасы 4 миң сом болгон күндө дагы сатуучуларга жакшы киреше түшөт”, - дейт ал.

Ибраев кымбат болгон көмүрлөр казакстандыкы экенин маалымдады.

“Казакстандын өзүндө көмүр тоннасына 100 долларга сатылууда”, - деди ал.

Энергетика министри Сүлүктүнүн көмүрү буга чейин дагы 8 миң сомдон төмөн болбой келгенин айтып, ал жакта көмүр колго казыларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий