• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" Төрт күндө 1 миңге жакын адам баалуу байге утуп алды

Экономика 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-декабрда – "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун бешинчи күнү.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, түз эфирдин жүрүшүндө 234 байге ойнотулат: 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана 4 Dyson фени.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы саат: 13.00.

Эскерте кетсек, 4 күндүк утушта 985 жаран баалуу байге утуп алды.

30-декабрда башкы байгелер: 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотулат.

Утуштар саат 15:00дө УТРК, Ала-Тоо 24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана Youtube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Утуштарды бул жерден көрсө болот:

Facebook https://www.facebook.com/salykKG

YouTube https://www.youtube.com/@salyk_kg

Пикир

Оставить комментарий