• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Тоолуу унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. 29-30-декабрь аралыгында Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255- чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 86-101-чакырымдарында жана Кызыл-Бел – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий